Бишкекте бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте бир катар даректерде ысык суу убактылуу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу боюнча пландуу иштер аткарыларын маалымдайт.

Ушуга байланыштуу бүгүн саат 09:00дөн 17:00гө чейин бир катар даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Чектөө төмөнкү даректердеги абоненттерге тиешелүү болот:

  • Панфилов көчөсү: 239, 241, 190, 188/1, 188/2, 190/1, 190/3, 200, 200а, 202;
  • Логвиненко көчөсү: 55/2, 55, 57, 59, 32;
  • Тоголок Молдо көчөсү: 21, 23, 25, 23а, 23б;
  • Жибек-Жолу проспектиси: 328, 346, 491;
  • Орозбеков көчөсү: 112, 116, 122, 114;
  • Фрунзе көчөсү: 475, 495, 497, 499.
"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана абоненттерди жүргүзүлүп жаткан пландуу иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген