Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

2022-жылдан тартып эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110 %га, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 %га жогорулады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымына караганда, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн кошумча төлөмдөрдү 50 %га чейин көбөйтүү, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм киргизүү каралган. 

“Кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу дагы маанилүү багыттардын бири болуп саналат. "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында миңдеген жарандар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат” , - деди Касымалиев.

Ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, компетенттүүлүгүнө, демилгелүүлүгүнө жана жоопкерчилигине мамлекеттин туруктуулугу, анын стратегиялык курсунун ийгиликтүү ишке ашырылышы жана жарандарыбыздын жашоо сапатынын жакшырышы көп жагынан көз каранды экендиги белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media