Алдамчылыкка айыпталган адам чет жерден алынып келинди

Алдамчылыкка айыпталган адам чет жерден алынып келинди

Башкы прокуратура тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында, эл аралык издөөдө жүргөн алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталган А.А. Кыргызстанга алынып келинип, тергөө абагына киргизилди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны А.А. жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Башкы прокуратура жабырлануучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Улуттук банк айыптарды салды