Чүй өрөөнүндө жер титирөө катталды
4–5-июлда Кыргызстанда эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка караганда, 4-июлда таңкы саат 05:40та 4,5 баллдык жер титирөө катталган. Анын очогу Моюнкум кумдары аймагында болуп, Кыргызстандагы калктуу конуштарда сезилген эмес.
Ал эми 5-июлда саат 06:50дө 3,9 баллдык жер титирөө катталган. Очогу Пригородное айылына жакын жерде болгон. Жер титирөө Пригородное, Карагүл жана Чоң-Жар айылдарында 3 баллга чейин, ал эми Кемин жана Орловка шаарларында 2,5 баллга чейин сезилген.