Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

Бакыт Төрөбаев Ош шаарындагы өндүрүштүк аймактарды текшерди

7-июлда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ош шаарына иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге шаардын аймагында курулуп жаткан ири өнөр жай долбоорлорунун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач “Агро өнөр жай комплекси” үчүн бөлүнгөн 71,35 га жер тилкеси жана комплекске суу чыгаруучу суу кампанын курулушун көрдү. Андан соң Кеңеш айылындагы “Тамак-аш өнөр жай аймагы” үчүн бөлүнгөн жер тилкеси жана “Барбол” кондитердик фабрикасы ЖЧКсынын жаңы өндүрүштүк комплексинин долбоору менен таанышты.“Оор өндүрүш аймагы” үчүн каралган 105 га жер тилкесин да жеринен көрдү. Соңунда “Эко Азык” ЖЧКсынын базасында курулуп жаткан соода-логистикалык борбордун курулушу менен таанышты. 

“Шаарда жаңы өндүрүштөрдү ачууну пландап жатабыз. Бул үчүн инвесторлорду тартууга мамлекеттик деңгээлде колдоо керек. Биздин башкы максат – жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштүк маданиятты жогорулатуу” – деди Төрөбаев.

Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев мамлекет тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөрүн билдирип, долбоорлорду тездетүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негизги максаты — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу

Ишкер Media
Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media