Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга 700 миң сомдон ашык айып пул салынды

Ысык-Көл облусундагы бир катар эс алуу жайларында пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 54 административдик протокол түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, протоколдордун негизинде 767 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузууларды ыкчам түрдө жоюу туурасында милдеттенмелер берилди. 

Иш-чара Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жана Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн. 

Мындан тышкары башка эс алуу жайлары боюнча Экономика министрлигинин тиешелүү макулдугу алынгандан кийин пландан тышкаркы текшерүү иштери жүргүзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эскирген, айрылган акчаны алмаштырууга болобу?

Бишкек-Балыкчы поездди менен канча адам жүргөн?

Кыргызстан - Грузия соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Күйүүчү майды субсидиялоонунун мөөнөтүн узартуу сунушталууда

Кыргызстанда негизги капиталга салынган инвестиция 422 млрд сомду түздү