Байтик айылында жаңы таза суу системасы курулууда

Байтик айылында жаңы таза суу системасы курулууда

Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында заманбап таза суу тутумун куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Долбоор айыл тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого багытталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 7 миң метр болгон ички суу түтүктөрү тартылып бүттү. Ошондой эле суу менен камсыздоо тутуму үчүн жалпы көлөмү 11 куб метр болгон темир-бетон кудуктар орнотулду.

Мындан тышкары, насостук жабдууларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 160 кВт кубаттуулуктагы жаңы трансформатордук көмөкчордон пайдаланууга берилди. Ал эми жолдордун алдынан суу түтүктөрүн өткөрүү үчүн 30,4 метр узундуктагы болот түтүк-футлярлар орнотулду.

Маалыматка ылайык, долбоор аяктагандан кийин Байтик айылындагы көп жылдан берки таза суу көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Улуттук банк 8-августка карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз, тагыраагы 87,4500 сом бойдон калды. Евро 100,9435 сомдон 100,7730 сомго түшүп, 0,17%га төмөндөдү. Ал эми рублдин курсу 1,0652 сом деп белгиленип, 1,36%га түштү. Теңге болсо 0,1871 сомдон