Бишкекте аптаптан улам көчөлөргө суу чачылууда

Бишкекте аптаптан улам көчөлөргө суу чачылууда

Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы атайын техникалардын жардамы менен жасалма фонтан түрүндө абаны нымдаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ишкананын маалыматына ылайык, бул иштерге 25 даана атайын техника тартылып, шаар көчөлөрүнө муздак суу чачылууда.

Мындай иш-чаралар асфальттын температурасын төмөндөтүүгө, абадагы чаңды азайтууга жана аптаптуу күндөрү шаар тургундары үчүн жагымдуураак шарт түзүүгө багытталган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов China Construction Fifth Engineering Division Corp., Ltd. (CSCEC 5th Bureau) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, тараптар компаниянын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн жана инвестициялык-инфраструктуралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушууда курулуш жана инфраструктура тармагына

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстандын жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын жолугушуусу өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эмгек миграциясын жөнгө салуу, жарандарды кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов эки өлкөнү бекем достук жана стратегиялык

Сузактагы аба майдандын курулушу 2027-жылы аяктайт

Сузактагы аба майдандын курулушу 2027-жылы аяктайт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы аба майдандын курулушу 2027-жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев билдирди. Т.Текебаевдин айтымына караганда, аба майданынын учуп-конуу тилкеси 3800 метр узундукта болуп, эл аралык 4Е категориясынын талаптарына ылайык курулууда. Бул ар кандай үлгүдөгү жүргүнчү жана жүк ташуучу

Заманбап Эл аралык университетинин проректору коррупцияга шектелип кармалды

Заманбап Эл аралык университетинин проректору коррупцияга шектелип кармалды

УКМК жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү аракеттеринин алкагында Манас шаарындагы Заманбап Эл аралык университетинде коррупциялык учурду аныктады. Маалыматка карганда, коррупцияга каршы күрөшүү аракеттеринин алкагында Заманбап Эл аралык университеттин айрым окутуучулары жана проректору кылмышка шектелүүдө. Каражаттар ар кандай шылтоолор менен, анын ичинде бааларды тапшыруу, тесттерге жана экзамендерге кирүү, аралык