Караколдогу эки объектке 200 миң сомдон айып салынды

Караколдогу эки объектке 200 миң сомдон айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Каракол шаарындагы курулуш объектилерин текшерүү учурунда мыйзам бузууларды аныктады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алыбеков көчөсү, 136 дарегинде жайгашкан балдар дүкөнүндө долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок темир конструкциядан кошумча курулуш жүргүзүлгөн.

Ал эми Жусаев көчөсү, 198 дарегиндеги металл кабыл алуу пункту тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланылып жатканы белгилүү болгон.

Жыйынтыгында жооптуу тараптарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 200 миң сомдон айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан ЭСКАТО менен кызматташууну кеңейтет

5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн