Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Кыргызстан менен Орусия эмгек миграциясынын жаңы механизмдерин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргызстандын жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын жолугушуусу өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда эмгек миграциясын жөнгө салуу, жарандарды кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов эки өлкөнү бекем достук жана стратегиялык өнөктөштүк байланыштырып турарын белгилеп, министрликтин башкы артыкчылыгы чет өлкөгө иштөөгө кеткен кыргызстандыктардын коопсуздугун, укуктук жактан корголушун жана кесиптик даярдыгын камсыз кылуу экенин айтты.

Жолугушууда жарандарды жумушка орноштуруунун мыйзамдуу жана ачык-айкын механизмдерин түзүү, көмүскө ортомчуларды четтетүү, ошондой эле Орусиядагы ишенимдүү иш берүүчүлөр менен Кыргызстандын квалификациялуу адистеринин ортосунда түз байланыш түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жарандык коомдун, Соода-өнөр жай палаталарынын, квалификацияны баалоо борборлорунун жана билим берүү платформаларынын кызматташтыгы эмгек миграциясынын сапатын жогорулатууга жардам берери белгиленди.

Жолугушуунун практикалык бөлүгү министрликке караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда уланып, тараптар мыйзамдуу эмгек миграциясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн экономикасына жана жарандарына пайда алып келе турган практикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52