Нарындагы бир катар объекттер курулуш талаптарын бузганы аныкталды
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузууларды аныктады.
Министрликтин маалыматына ылайык, айрым объекттерде архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери жүргүзүлүп, айрым имараттардын функционалдык багыты өз алдынча өзгөртүлгөн.
Мыйзам бузуулар Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы "Нур" эмерек дүкөнүндө, ошондой эле Нарын шаарындагы "Датка" ашканасында, "Датка" мейманканасында жана Ленин көчөсүндөгү жеңил конструкциядан курулган имаратта аныкталган.
Аталган объекттер боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, ээлерине жана пайдалануучуларына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле аларга курулуш жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоо милдеттендирилди.


