Ак-Суу капчыгайында ири курорттук комплекс куруу пландалууда

Ак-Суу капчыгайында ири курорттук комплекс куруу пландалууда

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында 200 орунга ылайыкталган курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы инвестицияларды тартуу жана аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында жаңы курорттук комплекстин эскиздик долбоорун даярдады.

Долбоор деңиз деңгээлинен болжол менен 2 миң метр бийиктикте жайгашып, 200 орундуу көп функционалдуу мейманкана комплексинин курулушун камтыйт.

Долбоорго ылайык, комплексте үч мейманкана корпусу, төрт апарт-отель, тогуз өзүнчө коттедж, тогуз конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс, универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы бар заманбап SPA-борбор куруу каралган.

Белгиленгендей, тоолуу аймактагы мындай объектти долбоорлоодо рельефтин өзгөчөлүктөрү, климаттык шарттар, инженердик инфраструктура жана курулуш объекттеринин жаратылыш ландшафты менен шайкештиги эске алынган.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоор ишке ашса, Ак-Суу капчыгайынын туристтик мүмкүнчүлүгү кеңейип, ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, ошондой эле заманбап эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун