Бишкек менен Чанша шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдө тажрыйба алмашат

Бишкек менен Чанша шаардык инфраструктураны өнүктүрүүдө тажрыйба алмашат

Бишкек шаарында борбор калаанын жетекчилиги Кытайдын Чанша шаарынын делегациясы менен жолугушуп, боордош шаарлар мамилесин түзүү жана шаарларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууга Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана Чанша шаарынын Элдик өкмөтүнүн Тышкы иштер боюнча канцеляриясынын директорунун орун басары Дуань Хайбо жетектеген делегация катышты.

Жолугушууда шаардык чарбаны өнүктүрүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тараптар муниципалдык башкарууну санариптештирүү, "акылдуу шаар" технологияларын киргизүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулашты.

Бишкек шаарынын өкүлдөрү борбор калаа эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешсе, Чанша шаарынын делегациясы Бишкекте акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан өзгөрүүлөргө жана шаардык инфраструктуранын өнүгүшүнө оң баа берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү боюнча ишти улантууга, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан багыттарда практикалык кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52