Бишкекте көрктөндүрүү талаптарын бузган бир катар курулуштар токтотулду

Бишкекте көрктөндүрүү талаптарын бузган бир катар курулуштар токтотулду

Бишкек шаарында курулуш аянтчаларында коопсуздук жана көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында бир нече курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, алардын курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун аткарылышын көзөмөлдөө максатында Бишкек шаарындагы курулуш объекттеринде рейддик текшерүү жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар объекттерде курулуш аянтчалары талаптагыдай тосулбаганы, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн коргоочу тосмолор жана чатырчалар орнотулбаганы, сырткы жарыктандыруу камсыздалбаганы, кирүүчү жолдор даярдалбаганы жана курулуш техникасынын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлар уюштурулбаганы аныкталды.

Мыйзам бузуулар Бакаев, Репин, М. Абдраев, Ак-Шыйрак, Жайыл-Баатыр, Гагарин, Ветеринар, Магистраль, Курултай, Арча-Бешик, Масалиев, Уметалиев, М. Сагынбай көчөлөрүндө, ошондой эле Жал кичи районунда курулуп жаткан турак жайлар, кеңселер, мейманканалар жана ресторандарда катталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында "Элемент Стиль" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынды.

Мындан тышкары, "Имарат Восток", "Тайлак Строй", "КомСтройСервис", "Алим Строй", "КН Гранд Строительства", "Мурас Курулуш Групп", "Старт Компани", "Масшер Билдинг", "Алип Строй", "Мерибелл Текстиль Иншаат", "Битрейд Импекс", "Бостон Строй", "Дрим Хаус", "Ынтымак Биримдиги", "Бак-Строй-Талас", "ТК Мегаприм" жана "Сантехмонтаж" компанияларына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилип, талаптар аткарылганга чейин алардын курулуш-монтаждоо иштери да убактылуу токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүүдө КР КЧ 12-02:2018 "Курулуш өндүрүшүн уюштуруу" талаптарын так сактоо милдеттүү экенин эскертип, белгиленген нормалар аткарылмайынча курулуш иштерине уруксат берилбей турганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52