Чаткалдагы тоо-кен компанияларында лицензиялык документтердин жоктугу аныкталды

Чаткалдагы тоо-кен компанияларында лицензиялык документтердин жоктугу аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы эки тоо-кен компаниясында лицензиялоого чейинки текшерүү жүргүзүп, калдыктарды сактоочу жайларды пайдаланууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Министрликтин маалыматына ылайык, лицензиялоого чейинки текшерүү "Фулл Голд Майнинг" ЖЧКсында жана "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсында жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн негизги максаты калдыктарды сактоочу жайларды эксплуатациялоодо экологиялык, техникалык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышын, ошондой эле долбоордук, уруксат берүүчү, лицензиялык жана нормативдик-техникалык документтердин бар-жогун аныктоо болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында калдыктарды сактоочу жайларды пайдаланууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, айрым лицензиялык жана уруксат берүүчү документтер жок экени белгилүү болгон. Буга байланыштуу мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында кооптуу өнөр жай калдыктарын жайгаштыруучу жайларды инвентаризациялоо жана калдыктар кадастрын жаңылоо иштери да жүргүзүлдү. Анын алкагында калдыктарды сактоочу жайлардан сырткары тоо тектеринин үймөлөрү, өнөр жай полигондору, техногендик түзүлүштөр, анын ичинде консервацияланган объектилер жана тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгүнөн пайда болгон калдыктардын көлөмү каралды.

Министрлик лицензияланууга тийиш болгон объектилердин ишин өз убагында лицензиялоого жана экологиялык, ошондой эле лицензиялык-уруксат берүү мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун