Кара-Сууда жол курган компанияга 200 миң сом айып салынды

Кара-Сууда жол курган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол куруу иштерин текшерүү учурунда курулуш талаптарынын бузулганы аныкталып, подрядчы компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Кара-Суу районундагы Т. Турдубеков көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан жол куруу иштерине текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө асфальт төшөө маалында жолго чектеш жайгашкан турак жайдын суу агызуучу арыктарына зыян келтирилгени аныкталган. Ошол эле учурда жолдун асфальт-бетон катмары долбоордук чечимдерге жана колдонуудагы курулуш талаптарына ылайык аткарылганы белгиленди.

Аныкталган мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн "Вольво Логистик" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, компания тарабынан бузулган суу агызуучу арыктар толугу менен калыбына келтирилгени маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга карата бир катар таасир этүү чараларын көргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1 жана

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М.

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын