Кашка-Баштагы 750 орундуу мектептин курулушу 70%га аяктады

Кашка-Баштагы 750 орундуу мектептин курулушу 70%га аяктады

Бишкек шаарындагы Кашка-Баш айылында курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу 70%га бүткөрүлдү. Учурда имараттын фасады жасалып, ички монтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат.

Долбоор боюнча мектеп заманбап талаптарга ылайык салынып, окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттар каралган. Имараттын жалпы аянты 8 миң 234 чарчы метрди түзөт.

Мектептин аймагында эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол үчүн эки көп функционалдуу спорт аянтчасы, алты тилкелүү чуркоо жолу жана төрт тарабынан жашылдандырылган эс алуу аймактары курулат.

Учурда курулуш иштери комплекстүү жүрүп, имараттын сырткы фасады жасалууда жана ички монтаждоо иштери аткарылууда. Ошондой эле жайкы спорт аянтчаларын курууга даярдык көрүлүп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, мектептин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52