Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарынын укуктук корголушун талкуулады

Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарынын укуктук корголушун талкуулады

Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү биргелешкен жумушчу топтун жыйынында эмгек мигранттарынын укуктук жана социалдык жактан корголушуна байланышкан актуалдуу маселелерди карап, кызматташууну улантууну макулдашты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, видеоконференция форматында Кыргыз Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү.

Жыйынга эки өлкөнүн эмгек, тышкы иштер, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз делегациясын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков, ал эми Россия тарапты Россиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү, полициянын генерал-майору Константин Адзинов жетектеди.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын карап чыгып, миграция тармагындагы учурдагы абал, эмгек миграциясына байланыштуу статистикалык маалыматтар жана эки өлкөнүн мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр боюнча пикир алышты.

Өзгөчө көңүл Россия Федерациясында эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына жана алар туш болгон негизги көйгөйлөргө бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында тараптар эмгек мигранттарынын укуктарын жана социалдык жактан корголушун камсыздоо боюнча биргелешкен ишти улантууга, ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди өнөктөштүк негизде чечүүгө даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52