Ноокендеги экологиялык рейдде үч айдоочу айыпка жыгылды
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ноокен райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүштү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө, абанын булгануусунун алдын алуу жана айдоочуларга экологиялык мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү болду.
Рейд учурунда жалпы 15 автоунаа токтотулуп, алардын техникалык абалы текшерилди. Дымомер аппаратынын жардамы менен унаалардан чыккан түтүндөгү зыяндуу заттардын көлөмү аныкталып, үч автоунаада белгиленген ченемдерден ашкан көрсөткүчтөр катталган.
Анын негизинде экологиялык талаптарды бузган үч айдоочуга жалпы суммасы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.