Таластагы “Чыңгыз Ааламы” комплексинин курулушу 70%га аяктады
Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев Айтматов районунун Шекер айылында курулуп жаткан “Чыңгыз Ааламы” маданий-мемориалдык комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканы белгиленип, учурда объекттин жалпы даярдыгы 70%ды түзөрү маалымдалды.
Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Комплекстин курамында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка инфраструктуралык объектилер курулуп жатат.
Курулуш иштери 2025-жылы Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасытарабынан башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Маалыматка ылайык, “Чыңгыз Ааламы” маданий-мемориалдык комплексин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берүү пландалууда. Комплекс өлкөнүн маданий мурасын даңазалоого жана Талас облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.





