Чүйдө өрттөнгөн клубга 1,4 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди

Чүйдө өрттөнгөн клубга 1,4 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Полтавка айылындагы өрттөнүп кеткен жайкы клуб үчүн 1 млн 408 миң 954 сом камсыздандыруу төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, жайкы клуб кыска туташуунун кесепетинен толугу менен күйүп кеткен. Объект 2024-жылдын 18-июнунда ыктыярдуу камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандырылган.

Өрт боюнча материалдар 2026-жылдын 7-июлунда камсыздандыруу төлөмдөрү бөлүмүнө кароого жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 17-июлда камсыздандыруу төлөмү Ынтымак айыл өкмөтүнө толук көлөмдө которулган.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, камсыздандыруу төлөмү өрттөн келтирилген чыгымды жабууга жана объектти калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди