Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Импорттолгон азык-түлүк эми "Санарип VET" аркылуу текшерилет

Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлдөгү жүктөр эми "Санарип VET" маалыматтык системасы аркылуу текшерилип, бардык процесс электрондук форматта жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл системасын санариптештирүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон ветеринардык көзөмөлгө алынуучу жүктөрдү кароо "Санарип VET" маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүп жатат.

Ветеринардык көзөмөл Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык контролдоо пункттарынын бири болгон «Кант» убактылуу сактоочу кампасында жүргүзүлөт. Кароо учурунда ветеринардык инспекторлор кызматтык боди-камераларды колдонуп, бардык текшерүү процессин видеого жаздырып турушат. Бул көзөмөлдүн ачык-айкындуулугун камсыздап, талаштуу жагдайлардын алдын алууга шарт түзөт.

Алгач жүктү коштогон ветеринардык сертификат, ташып кирүүгө уруксат берүүчү документ, инвойс жана транспорттук документтер текшерилет. Ошондой эле алардын Евразия экономикалык бирлигинин ветеринардык-санитардык талаптарына шайкештиги жана өндүрүүчү ишкананын ЕАЭБдин реестрине киргизилгени аныкталат.

Андан соң продукцияга физикалык көзөмөл жүргүзүлүп, таңгактары, маркировкасы, чыгарылган күнү, жарактуулук мөөнөтү, температуралык режими жана жалпы абалы текшерилет. Зарыл болгон учурда лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынып, жыйынтык чыкканга чейин жүк бажы көзөмөлүндө сакталат.

Текшерүүнүн бардык жыйынтыгы "Санарип VET" маалыматтык системасына планшет аркылуу ошол жерде киргизилип, ветеринардык кароо актысы автоматтык түрдө электрондук форматта түзүлөт. Талаптарга жооп берген жүктөргө андан ары бажылык тариздөөгө уруксат берилет. Ал эми ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген учурларда мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Адистердин айтымында, "Санарип VET" маалыматтык системасы менен кызматтык боди-камераларды колдонуу мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатып, документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана өлкөгө коопсуз азык-түлүк продукциясынын гана киришин камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52