Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү заводдо текшерүү жүргүзүштү.

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүк технологиялык процессти карап чыгып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты.

Ошондой эле өндүрүлгөн продукциядан сертификациялык лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында продукциянын ченемдик документтердин талаптарына шайкештиги же шайкеш эместиги боюнча тиешелүү чечим кабыл алынары белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди