Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ошто мыйзамга туура келбеген жарнамаларды бир саатта оңдоо талабы коюлду

Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда чет элдик ишкерлерге карата рейд жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы текшерилди.

Мэриянын маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталды. Алардын ээлерине мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.

Рейд учурунда мэр Жанарбек Акаев ишкерлерди коомдук тартипти сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткарууга чакырды.

"Шаар бийлиги мыйзам чегинде иш алып барган ар бир ишкерди колдойт. Бирок сиздер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактап, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын сөзсүз аткарышыңыздар керек", – деди мэр.

Мэриядан билдиришкендей, мындай рейддер мыйзам бузуулардын алдын алуу, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыздоо жана шаардагы тартипти чыңдоо максатында мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы келди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын алгачкы партиясы келди. Эске салсак, буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдан Кыргызстанга  күйүүчү май келерин маалымдаган. Ошондой эле ал Беларусь менен күйүүчү май импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн айткан. Министрдин маалыматына ылайык, күйүүчү майды Россия аркылуу транзит менен алып өтүү маселеси чечилип, Беларустан жөнөтүлгөн бир

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башыдагы селдин кесепети 2 млн сомдон ашык зыян алып келди

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы Орто-Кайыңды коктусунан түшкөн кыян суулары айыл чарба жерлерин, эс алуучу жайды, балчылардын бал челектерин жана  бир унааны агызып кеткен.  ӨКМДин маалыматына ылайык,  Жарандык коргонуу комиссиясы селден 2 миллион 55 миң 600 сом зыян келтирилгенин аныкташкан.  12-июлда  жааган жаан

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткендин мэри Раззаков көчөсүндөгү кемчиликтерди жоюуну тапшырды

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев Исхак Раззаков көчөсүн кыдырып, жолдун тазалыгын жана инфратүзүмдүк абалын көзөмөлдөдү. Иш сапардын жүрүшүндө жашыл аймактарды иретке келтирүү, жол жээктери жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелер текшерилди. Кыдыруунун жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканаларга аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, көчөнүн тазалыгын туруктуу камсыз кылуу жана шаар тургундары

Баткенде облустук өнүктүрүү фонду  тарабынан 10 долбоор каржыланууда

Баткенде облустук өнүктүрүү фонду  тарабынан 10 долбоор каржыланууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгы алдында Баткен облустук өнүктүрүү фондунун кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында үстүбүздөгү жылы фонд тарабынан каржыланып жаткан долбоорлордун аткарылышы, бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы тууралуу