Ошто мыйзамсыз жер казуудан мамлекетке 78,6 млн сом зыян келтирилген

Ошто мыйзамсыз жер казуудан мамлекетке 78,6 млн сом зыян келтирилген

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдардын аткарылышын текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош шаарынын мэриясы тиешелүү ыйгарым укугу жок болсо да кум-шагыл аралашмасы менен чопо топурагын казып алууга укук берүүчү 33 күбөлүктү мыйзамсыз берген.

Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма токтомдордун негизинде жайыт жерлерин жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп берип, анын кесепетинен мамлекетке 78 млн 600 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Ошондой эле Ош–Ноокат автожолунун боюнда иш жүргүзгөн айрым ишканалар лицензияда көрсөтүлгөн аймактан тышкары кум-шагыл аралашмасын казып алышып, жер кыртышын бузганы белгиленди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча үч кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ошондой эле мыйзамсыз берилген жер тилкелерин жана күбөлүктөрдү жокко чыгаруу, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жана тиешелүү лицензияларды кайтарып алуу боюнча Ош шаарынын мэрине жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине сунуштамалар киргизилип, алар учурда каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52