Таластагы "Жер Үй" алтын кениндеги курулуштарга мониторинг жүргүзүлдү

Таластагы "Жер Үй" алтын кениндеги курулуштарга мониторинг жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы Таластагы "Жер Үй" алтын кен комбинатынын казып алуу комплексиндеги курулуш объектилерине мониторинг жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, мониторинг вахталык шаарчанын административдик-тиричилик корпусу жана 224 орундуу жатакананын курулуш иштерин камтыды.

Текшерүүнүн негизги максаты курулуш, архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын, техникалык регламенттердин жана курулуш ченемдеринин сакталышын, ошондой эле курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын баалоо болду.

Мониторингдин жүрүшүндө автордук жана техникалык көзөмөл өкүлдөрүнүн катышуусунда курулуштун экинчи этабы боюнча аткарылган иштер каралды. Адистер курулуштун долбоордук документацияга шайкештигин, аткаруу-техникалык документтердин толуктугун, курулуш материалдарынын сапатын жана конструктивдик элементтердин аткарылышын текшеришти.

Жыйынтыгында подряддык уюмга курулуш иштеринин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүү, этаптык кабыл алуу иштерин белгиленген талаптарга ылайык уюштуруу жана курулуш материалдарын өз убагында лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү боюнча сунуштар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52