Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Жаңы конуштардагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Нуркожо-Ата" жана "Адилет" конуштарынын тургундары менен көчмө жолугушуу өткөрүп, аймактагы актуалдуу маселелерди талкуулады.

Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундар жолдорду кеңейтүү, коомдук транспорттун каттамын жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо жана жер мунапысынын алкагында корголуучу аймактагы 300гө жакын жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар ашар жолу менен селден коргоочу дамба курууну сунушташты. Мэр бул демилгени кароо үчүн дамбанын долбоорун даярдап, бардык тобокелчиликтерди баалоо жана маселени кеңири иштеп чыгуу боюнча атайын комиссия түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, "Нуркожо-Ата" конушунда суу топтоочу курулма жана эски мектептин ордундагы бала бакчанын аймагын кеңейтүү үчүн каралган 6 гектар жер тилкесин сатып алуу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Жолугушууда дзюдо секциясынын машыгуу жайы боюнча маселе да көтөрүлдү. Ага ылайык, машыгууларды убактылуу мектептин спорт залына көчүрүү жана келечекте жаңы дене тарбия-чыңдоо комплексин куруу долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Бул секцияда бир нече жаңы конуштардан келген балдар машыгышат.

Андан соң шаар башчысы "Ак-Бата" конушунда курулуп жаткан мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Жыйынтыгында ал курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөттөрүн өзгөчө көзөмөлдөөнү, ошондой эле мектепти газ менен жылытуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52