Жыл башынан бери майыптыгы бар жарандарга 257 коляска берилди

Жыл башынан бери майыптыгы бар жарандарга 257 коляска берилди

Жыл башынан бери Кыргызстанда майыптыгы бар жарандарга мамлекет тарабынан 257 даана кресло-коляска бекер берилди. Алардын арасында чоңдорго, балдарга арналган көп функциялуу коляскалар жана гуманитардык жардамдын алкагында алынган каражаттар бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы №269 токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, майыптардын кресло-коляскаларын алуу укугу майыптыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандарына 5 жылдык мөөнөткө берилет.

Үйдө жана сыртта туруктуу колдонууга ылайыкталган стандарттык же көп функциялуу кресло-коляскалар 3 жаштан жогору майыптыгы бар адамдарга акысыз берилет. Аларды алуу үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусу негиз болуп саналат.

Кресло-коляска алуу үчүн жарандар жашаган жериндеги аймактык башкармалыкка арыз жана МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсүн тапшырышы керек.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери аймактык башкармалыктар аркылуу майыптыгы бар жарандарга жалпысынан 257 даана кресло-коляска берилди. Алардын ичинде чоңдор үчүн коляскалар, балдар үчүн көп функциялуу коляскалар жана гуманитардык жардам катары алынган кресло-коляскалар бар.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52