Суусамырда мазут төгүлгөн кырсыктан улам экологиялык зыян кайра эсептелди

Суусамырда мазут төгүлгөн кырсыктан улам экологиялык зыян кайра эсептелди

Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан кийин жерге төгүлгөн мазут боюнча кошумча эсептөө жүргүзүлүп, жер кыртышына келтирилген зыян үчүн дагы 10 миң 80 сом өлчөмүндө доо коюлду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек–Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы тилкеде кошумча тактоо жана эсептөө иштерин жүргүзүшкөн.

Анын жыйынтыгында жер кыртышына келтирилген зыян кайра эсептелип, мурда коюлган талапка кошумча дагы 10 миң 80 сом өлчөмүндө доо коюлган.

Ошондой эле адистер тарабынан жол кырсыгынын кесепетинен жерге төгүлгөн мазуттун калдыктары өз убагында толугу менен тазаланып, зыянсыздандырылганы белгиленди.

Эске салсак, буга чейин Суусамыр өрөөнүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен. Натыйжада болжол менен 4–5 тонна мазут жерге төгүлгөнү тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237-беренесине ылайык, күнөөлүү жеке жакка 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга