Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады

Дүйнөлүк рынокто мунай арзандап жатат. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң жылыш болушу мүмкүн деген күтүүлөр себеп болуп жатканын эл аралык ЖМКлар маалымдашты.

Маалыматка таянсак, Лондондогу ICE Futures биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын фьючерстери баррелине 79,01 долларга чейин түштү. Ал эми мурунку күнү бул көрсөткүч 5,3%га төмөндөгөн.

Ошол эле учурда Нью-Йорктогу NYMEX биржасында WTI үлгүсүндөгү мунайдын сентябрь айындагы фьючерстеринин баасы баррелине 75,28 долларды түзүп, 0,65%га төмөндөдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?