Баткенде социалдык контракт алган жарандардын ишмердүүлүгү текшерилди
Баткен районунда мамлекет тарабынан берилген социалдык контракттардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, район акиминин орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев социалдык контракттын негизинде колдоо алган жарандардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мониторинг учурунда 100 миң жана 150 миң сом өлчөмүндө каражат алган үй-бүлөлөрдүн учурдагы иштери каралды. Жарандар бөлүнгөн каражаттын эсебинен мал чарбачылыгын, соода-сатыкты жана башка киреше алып келүүчү багыттарды өнүктүрүп жатканы белгилүү болду.
Сүйүнбай Сатыбалдиев социалдык контракттар үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө, жашоо шартын жакшыртууга жана жеке ишкерликти өнүктүрүүгө жардам берип жатканын белгиледи.