Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Жарандар акысыз юридикалык жардамды кандай шартта ала алышат?

Кыргызстанда ар бир жаран муктаж болгон учурларда мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардамды ала алат. Бул укук Баш мыйзамда каралган.

Юридикалык жардам кызматы билдиргендей, алар жарандарга укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берип, мыйзамдар тууралуу маалыматтарды сунуштайт.

Адвокаттын акысыз кызматын алуу үчүн жарандын айлык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленген минималдуу эмгек акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

Маалыматка ылайык, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын биринчи түрү — консультациялык жардам. Анын алкагында жарандар мыйзамдар, укук системасы, өздөрүнүн укуктары жана милдеттери боюнча кеңеш ала алышат.

Экинчиси — квалификациялуу юридикалык жардам. Бул кылмыш, административдик жана жарандык иштер боюнча жарандын укуктарын коргоого жардам берген адвокаттын кызматын камтыйт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти