Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүнү тездетүү маселеси талкууланды

Бүгүн Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дуйшеевдин жетекчилиги алдында "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоору боюнча жумушчу кеңешме өттү. Ага министрликтин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана "Элдик Банк", "АБанк" өкүлдөрү катышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жыйында кредиттик каражаттарды өздөштүрүүнүн жүрүшү, насыя берүүнү тездетүү жана каржылык компоненттин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды. Ошондой эле насыя алуучулардын санын кеңейтүү жана насыялоо жол-жоболорун өркүндөтүү талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар айыл чарба ишкерлерин колдоо үчүн кредиттик ресурстарды өз убагында жана натыйжалуу жайгаштыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банктын өкүлү Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын жыйынына катышты

Улуттук банктын өкүлү Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын жыйынына катышты

КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Ислам кызматташтык уюмунун борбордук банктарынын 8-жыйынына катышты.  Жыйын 13–14-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин “OIC-COMCEC Central Banks Forum” алкагында өткөн борбордук банктардын 8-жыйынына катышты. Улуттук банктын басма сөз кызматынын

Акыркы 5 жылдын ичинде 1-класска барган окуучулардын саны 22%га азайды

Акыркы 5 жылдын ичинде 1-класска барган окуучулардын саны 22%га азайды

Акыркы беш жылда мектептердеги окуучулардын саны 13%га көбөйүп, 1,6 млн адамга жеткен. Алардын 49%ын кыздар, 51%ын балдар түзөт. Ошол эле учурда биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны азайууда. 2025/2026-окуу жылында 1-класска 116 миңге жакын бала кабыл алынган. Бул 2021/2022-окуу жылына салыштырмалуу

Кыргызстан менен Корея  инвестиция жаатындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея инвестиция жаатындагы кызматташтыкты күчөтөт

Экономика министри Бакыт Сыдыков Кореянын соода, өнөр жай жана ресурстар министри Ким Чон Кван менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушуунун алкагында Экономика министрлиги менен Кореянын Соода, өнөр жай жана ресурстар министрлигинин ортосунда соода жана инвестициялар боюнча өз ара

"Кыргызфармация" ата мекендик өндүрүүчүлөр менен кызматташууну күчөтөт

"Кыргызфармация" ата мекендик өндүрүүчүлөр менен кызматташууну күчөтөт

15-сентябрда "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушуу министрлер кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №165-р тескемесин аткаруу, ата мекендик өндүрүштү колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле 2027-жылга дары-дармек