Акыркы 5 жылдын ичинде 1-класска барган окуучулардын саны 22%га азайды

Акыркы 5 жылдын ичинде 1-класска барган окуучулардын саны 22%га азайды

Акыркы беш жылда мектептердеги окуучулардын саны 13%га көбөйүп, 1,6 млн адамга жеткен. Алардын 49%ын кыздар, 51%ын балдар түзөт. Ошол эле учурда биринчи класска кабыл алынган окуучулардын саны азайууда. 2025/2026-окуу жылында 1-класска 116 миңге жакын бала кабыл алынган. Бул 2021/2022-окуу жылына салыштырмалуу 22%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Жалпы билим берүүнүн күндүзгү уюмдарынын жана алардагы окуучулардын саны

Кыргызстанда 2025/2026-окуу жылынын башында 2 374 күндүзгү жалпы билим берүү уюму иштеген. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын саны акыркы беш жылда 38%га көбөйүп, 2025-жылы өлкөдөгү бала бакчаларда 276 миң бала тарбиялангандыгын белгилүү болду. 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын үлүшү болжол менен 35%ды түзгөн болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 24% болгон.

Бала бакчага барган балдардын үлүшү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 93 баштапкы кесиптик билим берүү уюму иштеп, анда 28 миңге жакын окуучу билим алган. Бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө жумушчу кесиптери боюнча квалификация берилет. 2025-жылы баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары 20 миңден ашык квалификациялуу жумушчу даярдаган. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 15%га аз.

Ал эми орто кесиптик билим берүү тармагында 2025-жылы 134 билим берүү уюму иштеп, анда 133 миңден ашуун студент билим алган. Салыштыруу үчүн, 2021-жылы бул көрсөткүч 98 миң студент болгон.

2025/2026-окуу жылында орто кесиптик билим берүүдө эң көп тандалган багыттардын катарына билим берүү, экономика жана башкаруу, саламаттык сактоо кирген.

Жогорку кесиптик билим берүү тармагында 2025/2026-окуу жылынын башында 64 окуу жай иштеген. 2021/2022-окуу жылында алардын саны 60 болгон. Жогорку окуу жайларда 231 миңден ашык студент билим алып, бул көрсөткүч акыркы беш жылдагы деңгээлде дээрлик сакталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media