"Кыргызфармация" ата мекендик өндүрүүчүлөр менен кызматташууну күчөтөт

"Кыргызфармация" ата мекендик өндүрүүчүлөр менен кызматташууну күчөтөт

15-сентябрда "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Жолугушуу министрлер кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №165-р тескемесин аткаруу, ата мекендик өндүрүштү колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле 2027-жылга дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууга даярдык көрүү максатында уюштурулду.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун негизги шарттарын, жеткирүүчүлөргө коюлуучу квалификациялык талаптарды жана алдыдагы мезгилге пландалган сатып алуу көлөмдөрүн карашты. Ошондой эле мамлекеттик сатып алууларда ата мекендик өндүрүштүн үлүшүн көбөйтүү, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын түрлөрүн кеңейтүү, продукциянын сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2027-жылга карата борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруунун алкагында мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталып, биргелешкен иш-аракеттердин ырааттуулугу макулдашылды.

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн активдүү катышуусун жана кызматташууну өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун белгиледи. Ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өнөктөштүктү кеңейтүү фармацевтикалык өндүрүштү чыңдоого, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жеткиликтүү ассортиментин көбөйтүүгө жана саламаттык сактоо системасынын керектөөлөрүн туруктуу камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media