Кыргызстан менен Кытай билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Кытайдын "Tang Chinese Education and Technology" компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандум Кыргызстанда "Tang International Education" программаларын ишке ашырууга, кытай тилин эл аралык стандарттарга ылайык окутууга, ошондой эле жасалма интеллект жана жашыл энергетика сыяктуу келечектүү багыттарды камтыган "Келечек үчүн компетенциялар борборун" этап-этабы менен түзүүгө багытталган.

Иш-чарада депутат Токтобүбү Ашымбаева эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, заманбап технологияларды колдонуу менен атаандаштыкка жөндөмдүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири.

Ошондой эле эл өкүлү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун ишке ашыруунун алкагында квалификациялуу адистерге болгон муктаждык өсөрүн белгилеп, бул багытта биргелешкен атайын билим берүү программаларын иштеп чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин айтып, мындай долбоорлор университеттер аралык байланышты кеңейтүү менен катар Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилелерин чыңдоого да салым кошорун кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media