Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу даректүү тасмалар сунушталды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү сыйлыгын: Шахзода Миракованын (Өзбекстан) “Бутак” жана Алиман Токтогулова менен Караш Жанышовдун (Кыргызстан) “Иттер” тасмалары алышты. Ал эми Алина Байтокованын (Казакстан) “Long Distance” тасмасы атайын белгиленип, Фариза Танайдын (Казакстан) “Сулуу” тасмасы атайын сыйлыкка ээ болду. Алямдар Фаиг оглы Дадашовдун (Азербайжан) “Кара мышык, Ак Шани” кыска метраждуу даректүү тасмасындагы эмгеги - мыкты режиссёр сыйлыгына татыса, мыкты кыска метраждуу тасма болуп - Пайрав Шарифовдун (Тажикстан) - “Ягноб” тасмасы тандалды.

 Толук мераждуу даректүү тасмалар сынагында Студенттик калыстар тобунун сыйлыгы Раиса Размеританын (Молдова) “Санта айымдын тандоосу” тасмасына ыйгарылып, ал дагы атайын сыйлыкка ээ болду. Кристина Михайлованын (Казакстан) “Дарыянын түшү” - мыкты деп табылса, “Мыкты режиссёр” сыйлыгы “Биз бул жерде жашайбыз” (Казакстан) тасмасындагы эмгеги үчүн Жанана Курмашевага ыйгарылды.

КРнын Кинематографисттер союзу, Qarash lab, Сынчы, “Базаровдун Альтернативасы”, New York Film Academy Kazakhstan, Distribution Аward жана Algimantas Vidugiris Award сыйлыгы дагы фестивалдын катышуучуларын байгелер менен белгилешти.

Питчингдин жыйынтыгы боюнча Кинематография департаментинин финансылык колдоосу - режиссер Жаныл Жусупжандын (Кыргызстан) “Ак жүрөк” долбооруна, Кыргызстан, Эстон жана Франция биргелешкен “Тигиш артынан тигиш” (режиссёр Алина Байтокова, продюсер Адилет Каржоев) жана Нурлан Анарбаевдин “41 жылдан кийин” кыргыз тасмасына берилди. Креативдүү Индустриялар Паркы Тажикстан жана Өзбекстандан келген Заррин Санвардын “Papaver Somniferum” тасмасын колдоду. Адам укуктары боюнча “Бир Дүйнө” эл аралык даректүү тасмалар фестивалы Тынымгүл Эшиеванын “Мөңгүлөрдүн үнү” жана Дастан Боркош менен Алиман Токтогулованын “Өрүктөрдүн мезгили” аттуу кыргыз тасмаларына, ошондой эле Айжан Касымбектин “Таттуу сүттүү жүгөрү” казакстандык долбооруна каржылык колдоо көрсөттү. Мындан тышкары, “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы “Мөңгүлөрдүн үнү” жана “Өрүктөрдүн мезгили” тасмаларынын жаратуучуларына толук өндүрүштүк колдоо көрсөтүү үчүн сертификаттарды берди. Ошондой эле New York Film Academy Kazakhstan дагы питчинг катышуучуларына жалпы суммасы 15 000 долларлык сертификаттарды тапшырды.

II UmutDoc - даректүү тасмаларды көрүүчүлөр, жаратуучулар жана кесиптик коомчулукту - Борбордук Азиянын жергиликтүү тарыхынан тартып эл аралык кинематографиялык контекстке чейин бириктирген мейкиндикке айланды. Бул жылы фестиваль көрүнүктүү даректүү тасмалардын режиссеру Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналып, режиссердун карьерасынын ар кайсы мезгилдеги тасмаларын көрсөтүү менен “Ала-Тоо” кинотеатрында өттү.

 Фестиваль үчүн тасмаларды көрсөтүү гана эмес, диалог, кесиптик өсүш жана жаңы эл аралык байланыштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маанилүү. Дал ошондуктан UmutDoc Борбордук Азияны дүйнөлүк даректүү тасмалар коомчулугу менен байланыштырган мейкиндик катары өнүгүп келе жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media