Барскоон суусунда өлгөн балыктар лабораторияда текшерилүүдө

Барскоон суусунда өлгөн балыктар лабораторияда текшерилүүдө

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон суусунда өлгөн балыктардан үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда райондук ветеринардык башкармалыктын адистери өлгөн Ысык-Көл жилингиринен тиешелүү үлгүлөрдү алышкан.

Үлгүлөр балыктардын жугуштуу ылаңдарын аныктоо үчүн Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет