Бишкекте Кыргызстан менен Литванын саясий консультациялары өттү

Бишкекте Кыргызстан менен Литванын саясий консультациялары өттү

15-сентябрда Бишкек шаарында Тышкы иштер министрлиги менен Литванын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда саясий консультациялардын III раунду өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, Литва делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекунас жетектеди.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди уюштуруу маселелери талкууланды. Ошондой эле миграция жана туризм тармагындагы кызматташууга көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн перспективдүү багыттарын, анын ичинде санариптештирүү, транспорт, логистика жана энергетика тармактарын талкуулашты. Мындан тышкары, ишкерлердин байланыштарын чыңдоо, кыргыз-литва бизнес-форумун өткөрүү жана биргелешкен пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашылды.

Консультациялардын жүрүшүндө аймактык жана эл аралык күн тартиби да каралып, БУУ жана Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media