Мамлекеттик мектептер үчүн окуу китептерин сатууга тыюу салынат

Мамлекеттик мектептер үчүн окуу китептерин сатууга тыюу салынат

Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин эркин сатууга чыгарууга болбой турганын эскертти. Мыйзам талаптарын бузган адамдарга жана уюмдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Министрликке караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси тарабынан даярдалган китептер учурда базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында сатылып жатканы аныкталууда. Буга байланыштуу мыйзамсыз сатууларга бөгөт коюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине расмий кайрылуулар жөнөтүлдү.

Агартуу министрлиги жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин мыйзамсыз сатпоого, таратпоого жана аларды сатууга ортомчулук кылбоого чакырды.

Ал эми жеке менчик мектептер мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептерин "Учкун" ААКсы менен келишим түзүү аркылуу гана сатып ала алышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет