Окуу китептеринин базарларда сатылып жатышынын мыйзамдуулугу текшерилет

Окуу китептеринин базарларда сатылып жатышынын мыйзамдуулугу текшерилет

Мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда, базарларда сатылып жаткандыгы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусу боюнча бүгүн Агартуу министрлигинде жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, “Окуу китеби” басма үйү” мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, “Учкун” ААКтын жетекчиси Бакытбек Султанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катышты.

Аталган мекеменин маалыматына караганда, жолугушууда тараптар мектептер үчүн басылып чыга турган ар бир окуу китебине QR-код жайгаштыруу маселесин талкуулашты. QR-код окуу китептеринин кыймылын көзөмөлдөөгө, тактап айтканда, китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле QR-код аркылуу окуучулар жана мугалимдер окуу китебинин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мындан тышкары, окуу китептерин басып чыгарууга каралган каражаттарды каржылоо жана бул багыттагы иштерди колдоо маселелери талкууланды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев окуу китептерин басып чыгарууга зарыл болгон каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.


Мындан сырткары, Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүүнү баштады. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media