Ошто "Мугалим PRO" долбооруна 35 жаш педагог тандалды

Ошто "Мугалим PRO" долбооруна 35 жаш педагог тандалды

Ош шаарында 35 жашка чейинки жаш мугалимдердин кесиптик, санариптик жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган "Мугалим PRO" долбоору кайрадан башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоорго катышуу үчүн 300гө жакын жаш адис кызыгуу билдирген. Эки этаптуу тандоонун - онлайн-тандоо жана маектешүүнүн жыйынтыгында 35 мыкты педагог тандалып алынды.

Алты айга эсептелген долбоордун жыйынтыгында мыкты катышуучулардын арасынан эки мугалимге чет өлкөдө кыска мөөнөттүү тажрыйба алмашуу жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Долбоор Ош шаардык мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы менен билим берүү башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда. Анын негизги максаты - заманбап билим берүү талаптарына жооп берген, демилгелүү жана жаңыча ой жүгүрткөн жаш педагогдордун жаңы муунун калыптандыруу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу талкууланды

Кыргызстанда "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу талкууланды

Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу боюнча Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) менен алгачкы жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда программаны ишке ашыруу пландары, алдыдагы милдеттер жана мындан аркы иштерди координациялоо маселелери

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкек шаарында арзан эт саткан көчмө фудтрактар иштеп жатат. Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда аталган көчмө унааларда ар бир адамга 5 кг чейин эт сатылууда. Андагы уйдун сөөктүү эти азыркы бүгүн 17-сентябрга карата - 680 сомго бааланып жатат.  “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган уй этин социалдык баада саткан күркөлөр учурда

Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстандын элчилигине барды

Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстандын элчилигине барды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеулдагы элчилигине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөр өтүүчү залдарды көрүп чыкты. Кыргызстандын Сеулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгү 2006-жылы консулдук катары ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн.

2026-жылдын январь–июль айларында орточо айлык акы 54,864 миң сомду түздү

2026-жылдын январь–июль айларында орточо айлык акы 54,864 миң сомду түздү

2026-жылдын январь–июль айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 54 864 сомду түздү. 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу айлык акы 28,5 %га өстү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин КРнын социалдык-экономикалык абалы боюнча алдын ала маалыматында берилген. Билдирүүгө караганда, керектөө бааларынын индексин