Ошто заманбап падл спорт борборунун курулушу башталды

Ошто заманбап падл спорт борборунун курулушу башталды

Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндө заманбап падл спорт борборунун курулушуна мезгил кутусу салынды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоордун жалпы аянты 3 300 чарчы метрди түзүп, инвестициянын көлөмү 1,5 млн долларды түзөт. Борбор толугу менен жабык форматта курулат. Курулуш эки этап менен жүргүзүлүп, биринчи этапка 500 миң доллар инвестиция тартылып, аны эки айда бүткөрүү пландалууда. Экинчи этап үч айга созулат.

Спорт борборунда жалпысынан 10 падл корту болот. Анын сегизи төрт адамдан, экөө эки адамдан ойноого ылайыкташтырылат. Мындан тышкары, борбордо тренерлер үчүн бөлмөлөр, кабыл алуу бөлүмү, намазкана, кийим алмаштыруучу жайлар, душ, санитардык түйүндөр жана кофе-бар каралган.

Падл - тенниске окшош, бирок көлөмү кичирээк кортто атайын ракетка жана топ менен ойнолуучу спорттун түрү. Оюн негизинен жуп болуп өткөрүлөт. Падл дүйнөдө акыркы жылдары кеңири жайылып, активдүү эс алуунун популярдуу түрүнө айланып жатат.

Эске салсак, мэр Жанарбек Акаев апрель айында Сай-Бою көчөсү келечекте спорттук шаарчага айланарын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media