Садыр Жапаров Корея менен экономикалык өнөктөштүктү күчөтүүгө чакырды

Садыр Жапаров Корея менен экономикалык өнөктөштүктү күчөтүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында өткөн "Борбордук Азия - Корея Республикасы" биринчи саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Мамлекет башчысы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара ишеним жана аймактык кызматташтык күчөп жатканын белгилеп, Корея Республикасын аймактын ишенимдүү өнөктөшү деп атады. Ал соода, инвестиция, транспорт, энергетика, санариптештирүү жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

"Азыркы этаптагы негизги милдет - жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүккө өткөрүү", - деди Садыр Жапаров.

Президент экономикалык кызматташтыкты күчөтүү үчүн биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү, маанилүү долбоорлордун бирдиктүү портфелин калыптандырууну жана кореялык бизнестин Борбордук Азия рынокторуна чыгуусуна шарт түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле жасалма интеллект жана санариптештирүү боюнча биргелешкен технологиялык аянтчаларды түзүү, таза энергетика, гидроэнергетика жана "жашыл" мобилдүүлүк багыттарында кызматташууну кеңейтүү демилгесин көтөрдү.

Мындан тышкары билим берүү, академиялык алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы катышуучуларды 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммитине чакырды.

"Саясий эркти иш жүзүндөгү жетишкендиктерге айландыруу зарыл", – деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media