Садыр Жапаров Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыттары белгиленди.

Президенттин администрациясы билдиргендей, Ли Чжэ Мён Кыргызстандын мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, 1992-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эки өлкөнүн байланышы ар түрдүү тармактарда өнүгүп келе жатканын белгиледи. Ал Кыргызстан менен Кореянын өз ара байланыштарын жана алмашууларын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын айтып, эки өлкөнүн ортосунда саясий пикир келишпестиктер жок экенин белгиледи. Анын айтымында, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча позициялардын жакындыгы кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Сүйлөшүүлөрдө биргелешкен медициналык борбор түзүү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин кароо жана кыргыз товарларын Корея рыногуна чыгаруу маселелери көтөрүлдү. Мындан тышкары, инвестициялык агенттиктердин кызматташтыгын күчөтүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-корей стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты. Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду 2027-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 35 жылдыгына карата Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media