Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду
Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын элесине таазим этип, мемориалга гүл койду.
Аземден кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды. Сапар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү боюнча расмий иш-чаралардын алкагында өтүүдө.