Ысык-Атада жаңы медициналык объектилер ачылды

Ысык-Атада жаңы медициналык объектилер ачылды

15-сентябрда Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда жаңы медициналык объектилер ачылды. Ачылыш аземине Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Анын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имараты, тез медициналык жардам кызматынын имараты, сейил бак жана балдар аянтчасы пайдаланууга берилди. Жаңы объектилер Кант шаарынын тургундары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган.

Министр Дамир Осмонов биринчи медициналык-санитардык жардам деңгээлинде оорулардын алдын алуу, аларды эрте аныктоо жана калктын ден соолугуна кам көрүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, бул багытты бекемдөө калктын ден соолугун жакшыртууга жана өмүрдүн узактыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Учурда Ысык-Ата ЖДПБнын курамында 21 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 35 фельдшердик-акушердик пункт иштейт. Мекеме 220 миңден ашуун калкка медициналык кызмат көрсөтөт. Жаңы ҮДТ алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө кошумча шарт түзсө, тез жардам кызматынын жаңы имараты медициналык жардамды ыкчам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, борбордун аймагында сейил бак жана балдар аянтчасы да түзүлүп, бейтаптар жана алардын жакындары үчүн шарттар жакшыртылды. Долбоорду ишке ашырууга "Smart Generation" коомдук фонду салым кошкон. Министр фонддун президенти Мохаммад Абед Эль Жажиге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө 87,9 млн сомдук жаңы мектеп корпусу ачылды

Жети-Өгүздө 87,9 млн сомдук жаңы мектеп корпусу ачылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында Осмон Эсенканов атындагы 150 орундуу мектептин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы мектеп корпусу Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылып жаткан 105 социалдык объектинин катарына кирет. Долбоор республикалык

Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду

Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын элесине таазим этип, мемориалга гүл койду. Аземден кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды. Сапар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Кореяда

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Кореяда

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, расмий иш сапар менен Корея Республикасына келди. Сеул шаарынын аэропортунан Мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилген. Сапардын алкагында

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору