Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Эми ишкерлер тиешелүү арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшыра алышат. Ошондой эле арыздын статусун онлайн көзөмөлдөп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын электрондук форматта алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Арыз каралып бүткөндөн кийин атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк жана атайын эсепке коюу картасы электрондук түрдө түзүлөт. Жаңы система кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү азайтып, ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө жана кызмат көрсөтүү процессин ыңгайлуу жана ачык-айкын кылууга багытталган.

Салык кызматынын маалыматына караганда, атайын эсепке коюу жол-жобосун санариптештирүү баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен байланышкан ишмердүүлүктү мамлекеттик жөнгө салууну модернизациялоо жана автоматташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет