Жети-Өгүздө 87,9 млн сомдук жаңы мектеп корпусу ачылды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында Осмон Эсенканов атындагы 150 орундуу мектептин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.
Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы мектеп корпусу Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылып жаткан 105 социалдык объектинин катарына кирет. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 87,9 млн сомду түздү.
Заманбап талаптарга ылайык курулган имараттын жалпы аянты 1 236 чарчы метр. Окуу корпусу өткөөл галерея аркылуу бириктирилген төрт блоктон турат. Анда окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залдары жайгашкан.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн.