Бажы кызматы: Пара алуу, пара берүү, мыйзамсыз сыйлыктарды алууга жол берилбейт
Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкери Ж. Баласагын атындагы КУУнин студенттерине “Ар кандай максаттуу топтордун арасында коррупцияга каршы тематика” - деген темада лекция өткөрдү.
Иш-чара 2026-2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Бажы кызматынын маалыматына караганда, лекциянын жүрүшүндө студенттерге коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чаралар, коррупциялык укук бузуулардын укуктук кесепеттери, ошондой эле жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Айрыкча пара алуу, пара берүү жана башка мыйзамсыз сыйлыктарды алууга жол берилбестигине өзгөчө көңүл бурулду. Лектор коррупциялык укук бузуулардын кесепеттери жана коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер карабоонун маанилүүлүгү жөнүндө конкреттүү мисалдар менен баяндап берди.

Ошондой эле студенттерге бажы органдарынын ишмердүүлүгү жана Ички иликтөө башкармалыгынын коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуудагы жана аныктоодогу ролу тууралуу маалымат берилди.